«Журт бузар». Моргенштерндин Бишкектеги концертин өткөрбөө үчүн иштер жүрүп жатат

«Соцтармактарда да актуалдуу маселе болуп жатат. Жакынкы күндөрдө жаштарга терс таасирин тийгизе турган, динден кабары жок, журт бузар, кайсы бир чет элдик артист Моргенштерн деген концерт коёт экен. Ошого чара көрбөйсүздөрбү? Токтото аласыздарбы?». Мындай суроону бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев маданият министри Алтынбек Максутовго узатты.

«Бул боюнча кечээ атайын тапшырма берип, ошол имараттын жетекчиси менен да сүйлөшүп, иш алып барып жатабыз. Сиздин пикириңиз менен биздин пикир бир. Моргенштернге Орусияда да кылмыш иши козголгон экен. Токтотконго иштерди алып бара жатабыз», — деди министр.

Орусиялык рэп жана поп-аткаруучу, музыкант Алишер Моргенштерндин концерти Бишкекте 23-июнда өтмөк.