Мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун жеке столу Илимдер академиясынан Тарых музейге өткөрүп берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
“Бул столдо биздин аталарыбыз — Кыргыз Совет мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү отурушкан. Жакында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракеси болот. Столдун болжолдуу жашы дагы 100 жашта ”, — деп жазылат маалыматта.
Садыр Жапаров буга чейин “Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койгон.