Жыйында депутаттар Бакиров менен Исмаилов Ташиев үчүн мушташа кете жаздады

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттар Фархат Исмаилов менен Өмүрбек Бакиров мушташа кете жаздады.

Ага чейин депутат Бакиров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев айтыша кетишкен. Исмаилов Ташиевге болушуп, Бакировду көздөй жөнөдү. Алар бири-бири менен кыйкырып сүйлөшүп жатышты, бирок башка депутаттар аларды бөлүп, тынчтыкка чакырышты.

Исмаилов Бакировду сыйлоого чакырып, ошондой эле залдан чыгууга чакырды. Депутаттар бөлүнүп, жыйын уланды.

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун ратификациялоо маселеси каралууда.