Жылдызкан Жолдошова ИИМге суракка чакыртылганы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова да ИИМге суракка чакыртылганын билдирди. Анын суракка чакыртылганына айрым маданий кызматкерлеринин президентке жазган кайрылуусу себеп болгон.

Саясатчынын айтымында, ал ИИМге саат 14:00гө чакыртылган. Кайрылуу президентке жазылганын, ага өлкө башчынын колу коюлуп, ИИМдин башчысы Улан Ниязалиевге келгенин, андан Тергөө кызматына тапшырма берилген документти көргөзүүсүн талап кылган. Мындан тышкары, Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталышы керектигин, кайсы номерде, кайсы күнү жана саат канчада ачылганын көрсөтүүнү талап кылган. Ал сурак берген эмес, анткени кызматкерлер анын сураган кагазын көрсөтө алышкан эмес.

Жылдызкан Жолдошова мындан тышкары, президенттин администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, ИИМ жетекчиси Улан Ниязалиевдин, ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулунун кызматтан кетишин талап кыларын билдирди.

Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.