«Жынсы, футболка, спорттук бут кийим болбойт». Министрлик мектеп формасы классикалык стилде болушу керектигин билдирди

Жаңы окуу жылында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, жынсы шым, кардиган, футболка, водолазка, кроссовкалар мектеп формасынын түстөрүнө дал келгени менен стандартка жооп бербейт. «Пандемия башталганда мектептерде билим берүү онлайн жана оффлайн форматында өттү. Ал кезде ата-энелерге, окуучуларга бирдиктүү форма кийүүнү талап кыла алган жокпуз, эркин стилдеги кийимдерге уруксат берилген. Окуучулар сабакка болгон  кийимдери менен барышты», — деп түшүндүрдү Надира Жусупбекова.

Ал класс жетекчилердин да, мектеп жетекчилигинин да ата-энелерди кайсы бир жерден форма сатып алууга мажбурлоого укугу жок экенин баса белгиледи.