Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде журналисттин «Сизди футбол эле ойноп жүрөт, башка иш кылбайбы деп сындаган жарандарыбыз да бар. Аларга эмне деп жооп бересиз?» деген суроосуна жооп берди.
«Кыргызда «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» деген сөз бар. Анын сыңарындай күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби? Убактым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май, анан декабрь айында министрликтер арасында «Мурас» аттуу футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук? Жаштарга үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде олтурбай, спортко кызыксын дедик.
«Спорт ден соолуктун булагы» дейт. «Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот». «Жаштар биздин келечегибиз». Кары-жашыбыз дебей, баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Мени сындап жаткандарга да кайрылам. Интернеттин артында күнү-түнү олтурбай спортко баргыла. Ошол силерге пайдалуу болот. Пайдасынан башка спорттун эч кимге зыяны жок», — деди ал.