2-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районудагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдуу жерлеринде карьердик иштер учурунда мамонттун сөөгү табылды. Табылганы дароо карьердин ээси маалымдап, 3-июнда Маданият министрлигинин өтүнүчү менен археологдор А.Абдыканова жана А.Эмил уулу эки студент (Н.Султанов жана Б.Садылдаев) менен жөнөп кеткен. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылды. Ачыкка чыккан сөөктөр баштапкы абалында көпкө калбайт жана күндүн нурунун таасиринен тез талкаланат. Ошондуктан археологдор жогорудан ылдый карай тешик жасап, табылганы тазалап, ал мамонттун баш сөөгүнүн сакталып калган төмөнкү бөлүгү болуп чыкты. Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышты. Мурда табылган тиштин жана жаактын сыныктары тазаланып, алгач жеринде сакталды. Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даяр. Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт.
Жакшы болуптур