Жүрөк элжирейт! Жол киреге акчасы жетпей калган кызга карыя 100 сом берген

Жол киреге акчасы жетпей калган кызга карыя 100 сом берген. Мындай жүрөк элжиреткен билдирүү соцтармактын колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды.

«Ишке шашып жатып, капчыгымда акча жоктугун байкабай калыптырмын. Маршруттук таксиге түшсөм, 8 сомум калыптыр. Айдоочудан ошол акчага жеткирүүнү сурандым. Ошол учурда 70 жашка келип калгандай карыя капчыгын чыгарып, мага 100 сом узатты. Мен ага «керек эмес, банк картамда акчам бар» дедим. Ал мага «камтама болбо, кечке чейин кереги тиет» деди. Карыяга бирдик катары которуп коёюн десем, такыр көнгөн жок. Мындай адамдар Кудай жөнөткөн периште сыяктуу, дал ушундай адамдар менен акылдан азган дүйнө кармалып турат», — деп жазылат билдирүүдө.