Кытайдан (Хэнань провинциясы) Кыргызстанга парткомдун катчысынын орун басары, «Сюнкэ» ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер келди. Алар менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самудин Шабыралиев жолугушту.
Тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын, тактап айтканда, эки өлкөнүн адистеринин ортосундагы ар түрдүү профилдеги тажрыйба алмашууну талкуулашты. Бул жолугушуунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен «Сюнкэ» ооруканасынын ортосунда жыл сайын жүрөгү катуу жабыркаган кыргызстандык 10 балага операция жасоо жөнүндө Меморандум түзүлүп, ошондой эле жыл сайын беш адамдан турган кыргыз дарыгерлеринин бригадасын Кытайга квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга жөнөтүү макулдашылган.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...
"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...
Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....