Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин материалдарын эми Ош ОИИБ карайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.
- Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген
Шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 190-берене (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу), 280-берене (бейбаштык) жана ошондой эле документтерди жасалмалоо боюнча кылмыш иштери козголгон.