“Качан бизди өлтүрүп коюшат деп сарайда жашынып отурдук” дейт Сокулукта кыз зордуктады делген шектүүнүн жакындары

16 жаштагы кыздын зордукталганы желдей тарап, жабырлануучуу кыздын жакындары, кылмышка шектүү 31 жаштагы жаранды үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кетишин талап кылышкан. Бул чечим аксакалдар соту тарабынан кабыл алынып, 3 күндүн ичинде чыгып кетүү талабы коюлган. Кылмышка шектүү тараптын үй-бүлөсү борбордогу батирлердин бирине көчүп келишти. Небересинин кылганына жаны кейиген таенеси Сагын Ожурова окуя тууралуу төмөндөгүнү айтып берди.

«Мен мындан 3 күн мурун эле келип кеткем, кырсык болгонун ким билсин, неберем кырсыкка кабылып калганын угуп келип олтурам. Кылмышты жасаган адам мойну менен тартсын, бирок балдары менен ата-энесинде эмне күнөө? Кыштын күнүндө 24 сааттын ичинде чыгып кетсин деп аксакалдар соту чечим чыгарыптыр. Биз ошол түнү качан өлтүрүп коюшат деп сарайда жашынып отурдук, кылмышты кылган неберем, үй-бүлөсү эмес», — дейт ал.