2008-жылы туулган Бекмырза Баймурзаев Ак-Турпак айылында жайгашкан “Куран окуу борборунан” 18-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында чыгып кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп жатат. Бул боюнча Кадамжай районунун Ормош айылынын 37 жаштагы тургуну, баланын атасы милицияга арыз менен кайрылганын Баткен ОИИБден билдиришти. Бул факты Кадамжай РИИБге катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү баланы таанып, жүргөн жерин аныктап калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн номурлар: (03655) 5-02-29; 0777 33-84-84