Кадамжайда сабалган 2 жаштагы кыздын атасы окуя боюнча эмне дейт?

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

«Кактус» сайты кыздын атасы менен сүйлөшкөндө кызы 1 жаш 10 айлык экенин, келин экөө 3 жылдан бери чогуу жашарын айткан. «Менин эки үй-бүлөм бар. 5-январда экинчи аялым мага видео жана аудио жөнөттү. Анда кызымды сабап жатканы айтылып, тартылган экен», — деген ал.

Ал буга чейин кызды ага таштап кетишкенин, бирок 3 күндөн кийин апасы кайра алып кеткенин айткан. «Анын 3 никесинен 3 кызы бар. Аларды сабайт, менин кызымды көбүнчө сабайт», — деди. Ал милицияга кайрылганын, кызын сот аркылуу алганы жатканын айткан. «Мен ага жардам берүү максатында үйлөнгөм. Бизди таанышыбыз тааныштырган. Ал жакшы келин экенин айткан. Биз үй салдык, бирок анын апасы ишибизге кийлигише берип, уруша берчүбүз», — деген ал.