Кадамжайдагы үйлөрдө жылыткычтарга басылган пломбалар боюнча «Ош электр» үн катты

Кечээ, 17-ноябрда соцтармак колдонуучу Кадамжайда райондук электр тармактарынын кызматкерлери менчик үйлөрдүн жылыткычтарын пломбалап жатышканын жазып, сүрөттөр менен бөлүшкөн.

«Кадамжайда үйлөргө кирип, мына ушундай кылып пломба басып, электр мешке тыюу салып, «газга же көмүргө өткүлө» деп жатышыптыр. Балалуу үй-бүлө суукта электр жылыткычы жок түнү менен көмүр жагып чыгыш керекпи эми? Көмүрдүн баасы асманда болуп жатса, бир кышка 1 тонна көмүр алып, калганын ток менен чыккандарга оңой болбойт го», — деп жазган ал.

Бул боюнча «Ош электр» ишканасы үн катып, Токтогул ГЭСинде суунун деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын өндүрүү азайганын билдирди. Ошол эле учурда колдонуучулардын саны өсүп жатканы да айтылды. Он айдын ичинде «Ош электр» ачык акционердик коомунун абоненттеринин саны 12 миң 867 керектөөчүгө көбөйгөн. 

«Энергияны үнөмдөө, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана электр энергиясын керектөөнүн техникалык шарттарын текшерүү максатында «Ош электр» ААК тарабынан Ош жана Баткен облустарындагы абоненттер арасында рейддер жүргүзүлүүдө. Абоненттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жылыткычтарды жана башка энергияны көп талап кылган жабдууларды пломбалап жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.