«Кафеден чыккан бойдон дайынсыз». Бишкекте 16 жаштагы кыз изделип жатат

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан Каныбек кызы Айсулуу изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

24-августта милицияга апасы кайрылып, 2006-жылы туулган кызы 23-августта саат 20:00 чамасында кафеден чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого чаралар көрүлүп жатат.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана узун.

Кийген кийими: кара жеңи узун кофта, кара шым, ак спорттук бут кийим.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 номурларына кайрылууну өтүнөбүз.