Бир күн мурун, тактап айтканда 26-февралда 1111 шайлоочу шайлоо участкаларынан тышкары добуш берген. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.
Жалпысынан тилкеден тыш добуш берүү үчүн 1253 шайлоочу арыз берген. Бирок 142 адам белгисиз себептерден улам добуш бере алган эмес. Жалпысынан шайлоо участкаларынан тышкары жерде жарандык милдетин аткарууну каалаган шайлоочулардын 88,6 пайызы добуш берди. Биринчи Май районунда 338, Свердлов районунда 773 адам добуш берди.










