Бүгүн, 29-июлда милицияга кайрадан Бишкектеги «Дордой» жана «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Жерине барган Свердлов РИИБдин кызматкерлери базарды курчоого алышып, андагы жарандарды эвакуациялашкан. Учурда кинологдор иш алып барышууда.
Эске салсак, 21-июлда да милицияга «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.