Калмаматов отургузулган унаанын жолун тоскон тарапташтарынын бири жабыркады (видео)

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда УКМК тарабынан кармалган мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралып, 9-февралга чейин камакта калтырылды.

Жарандык активист Адилет Балтабай соттук отурум бүткөн соң, Калмаматовду отургузуп алып кетип бара жаткан унаанын жолун тоскон тарапташтарынын бири жабыркаганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, соттун чечимине нааразы болгон экс-депутаттын тарапташтары унаанын жолун тосушкан. Унаа тарапташынын биринин бутун тепсеп кеткен.