Калың кардан улам жабылган Каракол-Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды

Каракол-Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Калың жааган кардан улам, Каракол-Эңилчек унаа жолуна көчкү түшкөн. Мындан улам районго тиешелүү Жарандык коргонуу комиссиясынын жетекчилиги тарабынан жергиликтүү калкка Сырт өрөөнүнө аша турган жол жабык экени эскертилген. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол-Эңилчек жолунун 38-чакырымына, чек арачылар 112-чакырымына өтмөк коюшканына карабай жергиликтүү тургундар “өз коопсуздугун мойнуна алып” кар көчкү түшүү коопсуздугу жаралган аймактарга өтүшкөн.

Учурда райондук Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тартылып, каттам бир тараптуу ачылды. Ошондой болсо да ӨКМ көчкү коопсуздугу жоюлмайынча жолго чыгуунун башка күндөргө пландаштырууну сунуштайт.