Социалдык тармактарда «Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков «Бикард» менчик клиникасынын аймагында ээн-эркин басып жүргөн видео таркатылып жатат.
Видеону Санжар Калматай аттуу колдонуучу жарыялаган. Кадрлардан Василий Дашковдун отургучта отурганын көрүүгө болот. Кылмыш боюнча айыпталуучуну кайтарууга тийиш болгон кызматкерлер анын камакта экенине карабай, эмне үчүн колунда кишени жок, эркин басып жүргөнүн түшүндүрүп бере алышкан жок.
Василий Дашков 18-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы ошол эле күнү каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 8-июнда ал УКМК тарабынан кайра кармалып, анын мамлекетке жалпы 1,5 миллиард сом зыян келтиргени жана аны төлөп берүүгө аракет кылбаганы маалымдалган.