Abank july
SerepTV Logo

Бишкек мэри бүтпөй турган курулуш объектилериндеги иштерди күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри бүтпөй турган курулуш объектилериндеги иштерди күчөтүүнү тапшырды
 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бүтпөй турган курулуш боюнча эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди.
 
Алгач мэр Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан, төрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар башчысы Байтик Баатыр көчөсүндөгү 60, 62 жана 64-үйлөрдүн даректеринде көп батирлүү турак жайларды куруу каралган объекттин абалы менен таанышты. Бул объект боюнча инвестор аныкталып, жер тилкелерин сатып алуу иштери жүргүзүлгөн. Учурда курулуш иштерин мыйзамдарда белгиленген тартипте баштоо үчүн зарыл болгон укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки объект боюнча тең иштерди күчөтүүнү жана аларды мындан ары белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.
SEREP MEDIA