«Биринчи мугалимдеги» Алтынай - Наталья Аринбасарова Кыргызстанга келет
Советтик жана россиялык белгилүү актриса, көрүүчүлөргө «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын образы аркылуу кеңири таанылган Наталья Аринбасарова Кыргызстанга келип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ардактуу коногу болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Наталья Аринбасарова — РСФСРдин жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн эл аралык жана кесиптик сыйлыктардын ээси. Анын чыгармачылык тагдыры Кыргызстан жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы менен өзгөчө тыгыз байланышта. Актрисанын чыгармачылык жолундагы эң маанилүү эмгектеринин бири — Чыңгыз Айтматовдун ушул эле аталыштагы повестинин негизинде Андрей Кончаловский тарткан «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын ролу. Дал ушул образ жаш актрисага эл аралык деңгээлде таанылуу алып келип, анын ысымын кыргыз адабияты жана кино өнөрү менен түбөлүккө байланыштырган.
1966-жылы Венеция эл аралык кинофестивалында Наталья Аринбасарова мыкты аялдын ролу үчүн Вольпи кубогуна татыган. Кинофестивалдын эң абройлуу актёрдук сыйлыктарынын бири болгон бул жогорку сыйлык ага «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын образын жаратканы үчүн ыйгарылган. Ал учурда актриса болгону 19 жашта болгон. Наталья Аринбасарова алгач балерина болууга даярданып, Москва академиялык хореографиялык окуу жайын аяктаган. Бирок кино дүйнөсү менен болгон жолугушуу анын кийинки чыгармачылык тагдырын аныктаган. Кийинчерээк ал Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктап, советтик кинонун көрүнүктүү ишмерлери Сергей Герасимов менен Тамара Макарованын өнөрканасында билим алган. Көп жылдык чыгармачылык жолунда актриса ондогон жаркын жана эсте каларлык образдарды жараткан. Анын фильмографиясында «Биринчи мугалим», «Жамийла», «Маншук тууралуу ыр», «Көлдө», «Эски тегирменде», «Улан», «Дан даамы», «Минотаврга болгон сапар», «Лейланын жалынуусу» жана башка тасмалар өзгөчө орунду ээлейт.
«Маншук тууралуу ыр» тасмасында легендарлуу Маншук Маметованын образын жаратканы үчүн актриса Ленин комсомолу сыйлыгына жана Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгына татыган. Ал эми «Дан даамы» тасмасындагы эмгеги үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Ар кайсы жылдары анын кино өнөрүнө кошкон салымы көптөгөн мамлекеттик, эл аралык жана кесиптик сыйлыктар менен белгиленген. Наталья Аринбасарованын Кыргызстанга келиши өзгөчө символикалык мааниге ээ. Ал жараткан Алтынайдын образы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын экрандаштырылышындагы эң таанымал аял образдарынын бири болуп, кино тарыхында өзгөчө орун ээлеген.
Наталья Аринбасарованын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген маданият, искусство, спорт жана кино тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүн бириктирген Оюндардын эл аралык маданий программасындагы маанилүү окуялардын бири болмокчу.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.
Наталья Аринбасарованын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген маданият, искусство, спорт жана кино тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүн бириктирген Оюндардын эл аралык маданий программасындагы маанилүү окуялардын бири болмокчу.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.