Учурда камакта жаткан Жогору Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугу жана ага коюлуп жаткан айыптар боюнча жактоочусу маалымат берди.
«28-ноябрда мен Адахан Мадумаровго кирдим. Ал ден соолугунун абалына арызданган жок. Бирок кебетесинен жакшы эмес экени көрүнүп турат. 5-декабрда соттук отурум болот. Судья соттук отурумду ачып, ал отурумга жеткирилиши керек. Ага коюлган айыптар боюнча сөз берилиши керек. 2 иш бириктирилген. Эми ошол иштерди чогуу караса болобу ошол каралат. Сот иш боюнча кагаздарды көчүрүп алууга уруксат бербей жатат», — деди жактоочу.











