Бишкекте атайын операция учурунда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине 720 батири жана 6 унаасы өткөрүп берилди. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди.
Ал белгилегендей, мүлктөр ыктыярдуу түрдө берилген. Анын айтымында, ошондой эле мамлекетке 38 кыймылсыз мүлк, бул имараттар жана жер тилкелер, 15 үлүш жер, ошондой эле 356 транспорт каражаттары өткөрүлдү.