«Төрөт үйү жана балдардын ооруканасы менин демилгем менен башталган». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборунун курулушу боюнча айтып жатып билдирди.
«Муну мен 3 жылдан бери куруп келгем. 11 миллион доллардан ашык акча кетти. Менин апам Баатыр эне болгон. 11 баланы төрөп, өстүргөн. Апам айта берчү «Келиндерибиз кыйналып жатат, колуңдан келсе биздин айылга кичинекей төрөт үй куруп берчи» деп. Апамдын суранычын көзү өткөндөн кийин аткарып отурам. Негизи сыймыктанып жатам. Мындан ары келиндерибиз төрөт үй издеп, башка шаар, мамлекеттерге барбайт. Бардык талапка жооп берген төрөткана курулду. Жабдуулары жаңы да жаңы.
Бүгүн бир чети сыймыктанып, бир чети толкунданып турам. Апамды кубантканыма жаш баладай болуп сүйүнүп турам»,- деди төрага.
Бүгүн, 13-майда аталган медициналык борбордун ачылышы болду. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышып, «Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, төрөт үйүн салып берди» деген.








