Бейшемби, 05.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Камчыбек Ташиев бийлик 3 жыл мурда Көлбаев менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты

20:00 31.12.2023
2
Камчыбек Ташиев бийлик 3 жыл мурда Көлбаев менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына «бир маселеге токтоло кетүүнү туура көргөнүн» айтып, пост жазды.

«2024-жыл дагы кирип келди. Биз көзүбүздү ачып-жумганча, билинбей эле кызматка келгенибизге 3 жылдан ашып кетиптир. Ушул үч жыл аралыгында президентибиз түзгөн команда кандай гана кыйынчылыктарды башыбыздан өткөзгөн жокпуз. Өтө көп тоскоолдуктарды жеңдик. Анын ичинде мен жетектеген УКМК дагы бир топ оор иштерди аягына чыгардык. Айрыкча коррупция менен криминалга каршы күрөштө өзүңүздөр билесиздер, башыбызды тобокелчиликке сайдык. Бийлик менен кримчөйрө чырмалышып кетиптир, ошол себептен батыл чечимдерди кабыл алууга аргасыз болдук. Ансыз мамлекетти оңдоо мүмкүн эмес болчу. Жыйынтыгы баарыңыздарга маалым.

Дүйнө жүзүндө канча мамлекет болсо, алардын баарында коррупция бар экендиги маалым. Айырмасы, ошол коррупциянын деңгээлинде гана. Кээ бир мамлекеттерде жемкорлук жокко эсе болсо, айрым өлкөлөрдө уюшкан коррупция бар. Демек, жемкорлук эч качан токтобойт. Андыктан, мен дагы бир жолу баса белгилеп айта кетүүм керек – коррупцияга каршы күрөш тынымсыз улантылат. Ал эми уюшкан криминалдык топту жок кылуу боюнча биздин ишибиз аягына чыгып калдык десем жанылышпаймын. Мындан ары Кыргызстанда уюшкан криминалдык топ, “мыйзамдагы ууру”, “смотрящий”, “положенец” деген түшүнүктөр болбойт. Кыргызстанда инвесторлор, бизнесмендер жана жөнөкөй калк үчүн бейиштин төрүндөй шарттар түзүлөт.

Мен ушул жерден үч жыл мурдагы тарыхый окуяга токтоло кетейин. Биз бийликке келээр замат президентибиз баарыбызды чогултуп, мен жана ИИМ министри Уланбек Ниязбеков аркылуу “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевге “Мындан ары инвесторлоду, бизнесмендерди, базарларда олтурган карапайым калкты тоногонду токтотсун. Бирөөнүн мүлкүн тартып алуудан алыс болсун. Тартип сакталсын, мамлекеттик мыйзамдар менен жашасын” деген эскертүү берген. Ууру Көлбаев “Жарайт, мамлекеттин мыйзамдары менен жашайм, тартиптүү болом” деп айткан, бирок, баягы эле көнгөн адатын уланта берди. Жыйынтыгында бир топ жарандарыбыздын мүлктөрүн тартып алганы, керек болсо мамлекеттик ишканаларды мыйзамсыз менчиктеп, кээ бирлерине үлүшкө олтуруп алганы, чет өлкөлүк инвесторлордон ири суммадагы үлүш алып жүргөндүгү, ири ишканалардан ай сайын “отметка” алып тургандыгы аныкталды. Анан кантип биздин мамлекет өнүгөт эле? Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кайсы гана өлкө болбосун, аны өнүктүрүүнүн негизги багыты — чет өлкөдөн келген инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү. А бизде тескерисинче болуп келген. Анын кесепетинен 30 жылдан бери өлкөбүз артка кетип жүрдү. Эми мындан ары инвесторлор жана жергиликтүү бизнесмендер үчүн Кыргызстан — бейиштин төрү болот!

Келгиле, кенен-кесир бизнесиңерди кыла бергиле. Мындан ары бизнесмендер мамлекет тараптан корголот! Мен ага кепилдик берем!

Урматтуу кыргызстандыктар! Ушунун баарына өлкө башчыбыздын эрки болбогондо — менин жалгыз күчүм жетпейт эле. Мурдакы башчылардын аттарын атабай эле коеюн. Баары эмес, бирок көпчүлүгү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен. Криминал менен күрөш такыр болгон эмес. Тескерисинче өздөрүнө жакпаган оппозициячы саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Баарыбыз эле билебиз. Булардын баары кечээ эле көз алдыбыздан өткөн окуялар. Эми мунун баары артта калды. Ошондуктан, келиңиздер, жамандыктын баарын эски жылга таштап, Жаңы жылга жалаң жакшылыктар менен кирели. Жаңы жыл сүйүктүү Кыргызстаныбыз үчүн жакшы жылдардан болсун деп Кудайдан тилейли. Ар бир үй-бүлөгө жакшылыктар кирип, жакшы жетишкендиктер болуусун тилейм! Кыргызстаныбыз тынч болсун! Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу мекендештер!» — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:14 05.03.2026
1

Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:34 05.03.2026
0

Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 05.03.2026
0

"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:55 05.03.2026
0

Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин...

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:41 05.03.2026
0

Депутаттардын айрымдары киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупцияга жол ачат деген жүйөө менен айдоочулар жолдон экзамен тапшыруусуна каршы пикирин айтты. Бирок мыйзам...

Комментарийлер 2

  1. Каныбек says:
    2 года ago

    Our president Sadyr Japarov! Kamchybek Tashiev! Let us always be together with our people for the development and growth of Kyrgyzstan, 👍👍👍

    Ответить
  2. Каныбек says:
    2 года ago

    Президентибиз Садыр Жапаров! Камчыбек Ташиев Өлкөбүздун Өнүгүүсү үчүн ар дайым Элибиз менен бирге бир болсун 👍👍👍

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

09:55 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

1
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

1
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

12:14 05.03.2026
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү