Камчыбек Ташиев: «Биз коргондук. Чатак Кыргызстандын аймагында гана болгонун баса белгилейм»

Мен баса белгилегим келет, чатак Кыргызстандын аймагында болду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Биз башка өлкөнүн аймагына өткөн жокпуз, өтпөйбүз дагы. Биз коргондук, болгон мүмкүнчүлүгүбүз менен аймагыбызга басып кирип, жерибизди тартып алалы дегендерден коргондук. Өз өлкөбүздү коргоого дайым даярбыз. Мындан ары чечим кабыл алгандар бар», — деди ал.