Ташиев чек арадагы чыр боюнча: «Бул жаңжалда куралдарыбыз жакшы болду»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ түндө кыргыз-тажик чек арасындагы чыр тууралуу комментарий берип жатып, бул кагылышууда куралдар жакшы болгонун айтты.

«Былтыр апрелде болгон жаңжалда биздин колубузда эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Жападан жалгыз бир брондолгон унаабыз болгон. Бул жаңжалда куралдарыбыз да жакшы болду. Андан сырткары, президенттин тапшырмасынын негизинде алып келинген 40 брондолгон унаа ушул жерде. Бардык жаракат алгандарды, жөнөкөй адамдарды окуя болгон жерден алып чыгып кеткен үчүн жаракат алгандар аз болду», — деди ал.