Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж болгон Дайырбек Маматкалыев менен жолукту

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурда дарыланууга муктаж болгон Дайырбек Маматкалыев менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 30-майда Ташиев Индияда сөөк чучугун трансплантациялоо операциясынан өткөн баланын ата-энеси менен жолугушту. Буга чейин химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен бала Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.

23-декабрда УКМК баланы жана анын ата-энесин жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана “Фортис” клиникасында (Индиянын Нойда шаарында) операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн.

Операция аяктап, 29-майда Маматкалыевдин үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип, генерал-лейтенант Ташиевге жеке жолугушууну суранган. 30-майдагы жолугушууда ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери көрсөтүлгөн дартынан (анын ичинде билим берүү мекемелерине бара албагандыктан) кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.

Дарылоо планына ылайык, белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, ага байланыштуу Ташиев ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин анын ичинде Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди.