«Биз тескерисинче шайлоолорду мурда болуп көрбөгөндөй таза, адилеттүү өткөрүп жатсак, уурулар менен коррупционерлерди камап, кустуруп жатсак, пенсия, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды көбөйтүп атсак, бюджетти толтуруп жатсак, мына биз УКМК эле бир жарым жылдын ичинде 8 миллиард сомдон ашык каражатты уурулардан казынага кайтардык. Прокуратура 2 миллиард сомдон ашык кайтарды. Салык менен бажыдагы коррупцияны токтотуп, чөнтөккө кетип жаткан акчаларды казынага буруп койдук. Казына көбөйүп калды. Ошонун эсебинен көтөрүп жатабыз эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды. Анан эмнеге революция болуш керек.
Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде-ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет — артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары “повод” бербейбиз. Таза, эл үчүн иштейбиз. Бизге байлыктын кереги жок. Таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек. Биздин максатыбыз ошол»,- деди ал.
😂
Молодец КАМЧЫБЕК ТАШИЕВИЧ …