Камчыбек Ташиев Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы менен жолугуп, Гавасай тилкесин кыдырышты (сүрөт)

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 17-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты. Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.