Ташиев сурак берип жаткан Келдибеков боюнча: «Өзүнчө бир схема түзүп алыптыр»

Бүгүн, 2-декабрда Ахматбек Келдибеков УКМКда сурак берип жатканы маалым болду. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, Келдибеков коомчулукка туура эмес маалымат жеткирүүгө аракет кылган.

«БШКнын сайтында болгон мүчүлүштүк боюнча, мүчүлүштүк сайттын сыртында болгону, анын системага тиешеси жоктугун айтып келе жатабыз. Ошол эле учурда Ахматбек Келдибеков тарабынан БШКнын иштөө тартибинин схемасы тууралуу туура эмес маалыматтарды жазып, өзүнчө бир схема түзүп жазып алыптыр. Аны коомчулукка таратып жаткандыгы боюнча чара көрүп жатабыз. Себеби, бул туура эмес маалымат. БШКнын схемасы Ахматбек Келдибеков көрсөткөндөй иштебейт. Коомчулукка туура эмес маалымат жеткирип жатат. Ошондуктан биз аны чакырып, схема андай иштебей турганын көрсөтүп берип атабыз», — деди ал.