Камчыбек Ташиев: «Текебаевге кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча комментарий берди.

«Өмүрбек Текебаевге жасалган кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМ тергеп жатат. Кылмышкерлер кармалды. Анын иши мындан ары дагы тергелет. Эч кандай кооптонууга жагдай жок. Кечээ Текебаевге кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Текебаевге атайын келип кол салып, ага каршылык көрсөткөн эмес, муну ИИМ тергеп жатат. Ага кол көтөргөнү боюнча бир адам кармалды. Мен ойлойм, бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деди ал.