Бүгүн, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмунө курулган жаңы имаратты пайдаланууга тапшырды. Ачылыш аземине УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, бир катар талаптарды эскертип өттү: «Бул жасалып жаткан шарттардын баары сиздердин так жана берилгендик менен кызмат кылууңар үчүн, өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактооңор үчүн түзүлүп жатат. Ушуга жараша эми сиздер тараптан дагы жыйынтык болушу керек. Эч кандай мыйзамсыздыктарга барбашыңар керек жана башкаларды дагы мыйзамды бузушуна жол бербешиңиздер керек. Менин жакындарым болобу, үй-бүлөм мүчөлөрү болобу, эч кимиси менен сиздер телефон аркылуу дагы байланышып, же жолугушуп, алардын айтканын аткарып, аларга кызмат кылбашыңар керек. Эгер ушундай нерсени билип калсам, дароо кызматтык иликтөө кылып, жазаңарды беремин. Эгер менин жакындарым мыйзамды бузса, алар дагы жоопкерчилик тартат жана эч кимди аяп отурбайм», — деди.
Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптар камсыз кылынган.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...
"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...
Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....