Камчыбек Ташиев Венгриядагы мелдешке катышкан спортчулар менен жолукту

Бүгүн, 28-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 7-12- февраль күндөрү Венгриянын Дебрецен шаарында болуп өткөн бокс боюнча “Bocskai lstvan Memorial” эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышып келген спортчулар менен жолугушту.

Аталган мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катышкан. Жыйынтыгында спортчу Эркин Адылбек уулу 86 килограмм салмакта күчүн сынап, финалда бельгиялык Легенас Идристи жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 килограмм салмакта күч сынашып, күмүш медалды багындырган.

Камчыбек Ташиев спортчуларды жеңиши менен куттуктап, боксчулардын машыктыруучулары Тилекмат Эңкеев жана Акыйкат Абаевге ыраазычылыгын билдирди. Ал мамлекет спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин айтып, спортчуларды күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.