Камырды үбөлүксүз жайган өзгөндүк келин: «Бишкек, Ош, Баткенден кыздар келип, үйрөнүп кетип жатышат»

Камырды үбөлүксүз жайган өзгөндүк келин камырды жаюунун сырлары менен бөлүшүп, анын камыр жайып жаткандагы видеосу соцтармактарга кантип тараганы тууралуу айтып берди.

Келиндин айтымында, кайын журту анын мындай жол менен камыр жая турганына ишенишкен эмес. Анан аларга далил катары конокко келгенде жайып көрсөткөн. Аны туугандары видеого тартып алышып, соцтармактагы группаларга жөнөтүп коюшкан. Кийин келин да ТикТокко жүктөп койгон. «Аябай көп көрүлдү. Жакшы да пикирлер жазылыптыр. Ошондон улам видео жүктөп баштадым», — деди ал.

Ал ошондой эле камыр жаюуну үйрөнүүнү каалаган кыздар көп экенин айтты. «Бишкек, Ош, Баткенден кыздар келип, үйрөнүп кетип жатышат. 3 сааттай үйрөтүп жатам. Эптүү кыздар 2 саатта эле үйрөнүшөт», — деди ал.