«Кант диабети менен жабыркачу». №47 түзөтүү колониясындагы жаран көз жумду

№47 түзөтүү колониясында кант диабети менен ооруган адам каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал 18-февралда көз жумган. Ал 60 жашта болчу.