Шоумен Урмат Борченов социалдык тармактагы баракчасына «Тойкананы кантип тандаш керек?» деген видео жарыялады.
Анда өлкөдө тойкананын көптүгүнөн баш айланарын, тойду энергияга толуп кетчү иш-чарага айландырса болорун айтат. Шоумен тойкананы 4 критерийге (кулак, курсак, тейлөө, көрк) ылайык тандоо керектигин билдирет.
Ал буга чейин тойду 2 эсе арзан өткөрсө болорун, 3 бөлүктөн турган тойдун 3-бөлүгүн алып салуу керектигин айткан болчу.