«Кар жаап, туман каптап жатат». Төө-Ашуудагы абал (видео)

Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Буга байланыштуу Чүй ЖКККБ айдоочуларды Бишкек-Ош унаа жолуна сак болууга чакырды.

Жеринде жол тескөөчүлөр иш алып барып жатышат.