Кара-Балта шаарында маршрутка айдоочулар иш ташташты. Алар жол акыны көтөрүүнү талап кылышууда

Кара-Балта шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары митингге чыгышты. Маалым болгондой, буга чейин шаардык кеңештин чечими менен жаңы тарифтер кабыл алынган. Мектеп окуучулары жана пенсионерлер үчүн жол кире 7 сом, калган жарандарга 13 сом.

«Автобазанын жетекчилиги шаардык кеңештин депутаттарына мектеп окуучулары жана пенсионерлер үчүн маршрутка 10 сомдон, калганы 15 сомдон жаңы тарифтерди бекитип берүүнү суранып, экинчи кат менен кайрылган. Шаардык кеңештин сессиясы болгон жок, автобазанын жетекчилери 1-ноябрдан тарта кичи автобустардын айдоочулары иш таштай турганын жергиликтүү бийликке оозеки эскертишти», — дешти. 

Бул маалыматты Кара-Балта шаарынын мэриясынан тастыкташты. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда митингчилер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп жатышат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти көзөмөлдөп жатканын билдирди.