Бүгүн, 21-ноябрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
«Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык облус, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти», — деп айтылат маалыматта.