«Кара жумушка алып кетиши мүмкүн». Токтогулда 43 жаштагы Алтынбек Мусаев жарым жылдан бери дайынсыз болуп жатат

Үч-Терек айылынын тургуну Алтынбек Мусаев ушул жылдын май айынан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну 43 жаштагы Мусаев Алтынбек Калмакович ушул жылдын 13-май күнү үйүнөн араба сүйрөп, чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал бала чагынан бери психикалык жактан жабыркайт, бирок айылдан башка аймактарга чыкпаса, үйүн кайра таап келе алчу. Ошондуктан, күнүмдүк кара жумуш кылдыруу үчүн адамдар башка аймактарга алып кетип калышы мүмкүн деген да божомолдор бар. Учурда Алтынбек Мусаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, оң бутун сылтып басат, оң колу чыканагына чейин күйгөндүктөн күйүктөн калган тактары бар. Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 0773 319 018; 0706 931 515; 0773 432 478 номурларына кабарлап коюңуздар.