Кара-Суу округу боюнча шайлоого экинчи талапкер арыз берди

28-апрелде ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Бакир Бакытбектен арыз түшкѳн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 26-мартта аяктайт.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби Арыз тапшыруу датасы
1 Бадалов Ганишер Абдуллаевич 02.10.1971 Жеке ишкер Өзүн өзү көрсөтүү 06.03.2024 15:38
2 Бакир Бакытбек 12.11.1961 Пенсионер Өзүн өзү көрсөтүү 10.03.2024 15:53