Озгур айылынын Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылып, эртең музейге алып келинет. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» музейинин соцтармактагы баракчасына жазылды.
«Мындан бир жума мурда Кара- Суу районунун Озгур айылынын Даңги суусунун жээгинен жергиликтүү тургун Медербек Аккулов мал айдап жүргөн учурда жер астынан кумура көрүп калып, таап алган. Жааган жамгырдан улам жер бир аз сүрүлүп, көрүнгөндүктөн өз алдынча казып көргөн. Бүгүн жерине музей директорунун милдетин аткаруучу, ОшМУнун Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы чогуу барышып кумураны көрүп келишти»,- деп айтылат маалыматта.
Анын бийиктиги 1,20-1,30 диаметри 80-85 сантиметр. Айланасынан да кумуранын калдыктары чыккандыктан ал жер устакана болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Ошондой эле мындай кумураларга дан сакталган.
Эртең, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт....
Футболдо майыптыгы бар адамга жардам кылган милиция кызматери Ардак грамота менен сыйланды. 10-июнда Бишкек шаарында өткөн футбол беттешинде коомдук тартипти...
Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдолууда. Аны президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көрүп чыкты. https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/06/ak-ui.mp4
Кечээ, 11-июнда III Бишкек Эл аралык кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган. Дал...