Каракол-Эңилчек унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып жатат

Кечээ, 23-майда болжол менен саат 16:00дө Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоӊ-Ашуу ашуусунун 76-чакырымынын 1 тилкесинде болжол менен 66 м3 кар кѳчкүсү түшүп, өз убагында тазаланган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал эми кайрадан 24-майда түнкү саат 3:30 чамасында 76-чакырымдын 2 тилкесинде болжол менен 130 м3 кѳлѳмдѳ кар кѳчкүсү түшкѳн. Учурда унаалар өтүүчү жол жабык. Ал эми Каракол-Эңилчек жолунун Чоӊ-Ашуу ашуусунда бороон-чапкын болуп жатканына карабай, жолдун айрым тилкелеринде кар күрткүлѳрүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолду тазалоого кошумча Түп районунун №4 жол тейлөө ишканасынын «Шантуй» үлгүсүндөгү 1 бульдозер, №11 ЖТИден 1 жана райондук жайыт комитетинин 1 фронталдык жүктөгүч техникалары жиберилген.