Караколдо дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 11-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын жергиликтүү тургуну кайрылып, 7 жаштагы кызы дайынсыз жоголуп жаткандыгы тууралуу билдирген. Энесинин айтымында, кызы эртең менен саат 8:00дө мектепке кетип, кайтып келген эмес.
Кайрылуу түшкөндөн кийин дароо эле Каракол ШИИБдин жалпы өздүк курамы кызды издөөгө тартылып, бир саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.