Ишемби, 25.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Карта чыры. Министрлик кызматтык териштирүү жүргүзүп, окуу китептерди экспертизага жөнөтөт

12:46 23.11.2021
0
Карта чыры. Кыргызстандагы окуу китепте да Ворух Кыргызстандан бөлүнгөн

Кечээ, 22-ноябрда соцтармактарга 3-класстын Мекен таануу китебиндеги Кыргызстандын картасы талкуу жараткан эле. Анда өлкөнүн ичинде жайгашкан тажик анклавы Ворух Кыргыз Республикасынан бөлүнгөнү даана көрүнүп турат. Бул боюнча Билим берүү министрлиги үн катты.

Мекен таануу предмети боюнча 3-класс үчүн окуу китеби 2014-жылы курамына Бухова Е.А., Солошенко О.В., Шаповалова Е.П. кирген автордук жамаат тарабынан «Аркус» басмасы» ЖЧК менен биргеликте иштелип чыккан. Ошол эле жылы 3-класстын окууучулары үчүн Мекен таануу окуу китебинин предметтик стандартка ылайык келер-келбесин Кыргыз билим берүү академиясы карап чыккан. Аталган окуу китебине карата жумушчу дептер 2018-2019-жылдары ошонун негизинде иштелип чыккан.

«Аркус» басмасы» ЖЧКнын сүрөтчүсү жана дизайнери окуу китебинин текстин жасалгалоодо төмөнкү булактан алынган сүрөттү пайдаланышкан: https://ru.depositphotos.com/vector-images/карта-кыргызстана.html Окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу максатында 2020-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору түзүлгөн. “Окуу китеби” борбору авторлор, илимпоздор жана басмалар менен иштешип, жаңы окуу китептеринин мазмунунун сапаты үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат. Авторлор басмалар менен чогуу даярдаган окуу китептери эми экспертизанын 4 түрүнөн: илимий экспертизадан, илимий-педагогикалык экспертизадан, антидискриминациялык жана гендердик экспертизадан өтүшөт, аталган үч экспертиза боюнча оң пикирлер алынган шартта окуу китептери практикалык-педагогикалык экспертизага (апробацияга) жөнөтүлөт.

Окуу китеби экспертизалардын бардык түрлөрүнөн өткөндөн кийин авторлор бардык сунуштарды эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгышат. Андан кийин “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталды” деген грифти алуу максатында коллегияда кароо үчүн окуу китеби министрликке жиберилет.

Окуу материалынын сапатын жогорулатуу жана мурда басылып чыккан окуу китептеринин каталарын жана так эместиктерин жоюу үчүн “Окуу китеби” борбору аларды кайра басып чыгарууда да экспертиза жүргүзөт. Ушул тапта Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу “Мамлекеттик картография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси менен биргеликте кетирилген кемчиликтерди жоюу жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле министрлик тарабынан колдонуудагы окуу китептеринде жайгаштырылган карталарга кайрадан экспертиза жүргүзүү демилгеленди. Андан тышкары аталган окуу китебине жана жумушчу дептерге жүргүзүлгөн экспертизанын жагдайларын айкындоо боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 24.04.2026
0

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 24.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева: «Эмгек министрлиги жөлөкпулду алуу тартибин жөнөкөйлөтүү туура болот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:36 24.04.2026
0

"Эмгек министрлигине байланышкан жол-жоболордун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия тууралуу жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат. Министрлик жөлөкпулдарды жана башка документтерди алуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

12:20 24.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

14:59 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026
Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

17:18 24.04.2026
Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: "Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда"

16:04 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү