Abank_june
SerepTV Logo

Курулуштагы чет элдик жумушчулар: тартип жана коопсуздук маселеси талкууланды

Курулуштагы чет элдик жумушчулар: тартип жана коопсуздук маселеси талкууланды
Бүгүн, 22-июнда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын негизги темасы курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандардын каттоосу, жүрүм-туруму, ички тартипти сактоо жана коомдогу коопсуздукту камсыз кылуу маселелери болду. Жолугушууда чет өлкөлөрдөн келген жумушчулардын документтерин мыйзам талаптарына ылайык тариздөө, аларды өз убагында каттоо жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен туруктуу байланышта иш алып баруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Ошондой эле курулуш аянтчаларында тартипти сактоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу, профилактикалык иштерди күчөтүү жана ар бир объектте жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча талаптар айтылды.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагында мыйзамдуулук жана иреттүүлүк так сакталууга тийиш экенин белгилеп, курулуш компаниялары чет элдик жумушчуларга тиешелүү шарттарды түзүү менен катар, алардын жүрүм-турумун, документтерин жана каттоосун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушу керектигин билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын коопсуздугу жана аймактардагы коомдук тартип биринчи кезекте экенин баса белгиледи.

Жыйын катышуучулардын суроо-жооптору менен коштолду. Курулуш компаниянын өкүлдөрүнө кандай көйгөй жаралбасын ортомчулар аркылуу эмес, түздөн-түз мамлекеттик органдарга кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, кооптуу жагдайлар жаралган учурда 102 кызматына ыкчам түрдө билдирүү, маалыматты жашырбоо жана укук коргоо органдары менен өз убагында кызматташуу зарылдыгы белгиленди.