Карылар үйүнө барып келген кыз: «Айрымдары балдары үчүн иштеп жүрүп, майып болуп калышкан экен»

Карылар үйүнө барып келген кыз өзүнүн сезимдери менен бөлүштү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл жаштар клубу бөлүштү.

«Биз бүгүн карылар үйүндө болдук. Ал жердеги апа-аталарды көрүп ыйлагым келди. Алардын колунан баары келет экен: ырдашат, токушат, сүрөт тартышат, бийлешет, кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Эмне күнөөлөрү үчүн алар жазаланып жатышат? Ушул курагында балдарынан сый көрүп, төрүндө көрк болбойт беле?! Айрымдары балдары үчүн иштеп жүрүп, майып болуп калышканын айтышты. Айтайын дегеним, ата-энебиз биздин кайталангыс баалуу байлыктарыбыз, көзү тирүү кезинде сыйлап алалычы, батасын алып, алар сыймыктанган уул-кыздардан бололучу! Аларды алаканга салып багып алганга милдеттүүбүз», — деп айтылат маалыматта.