Мындан 10 күн мурда ӨКМ маалымат таратып, Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылында Мерседес Бенц унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Чоң Чүй каналына түшүп кеткенин, кырсык болгон жерден 1990-жылы туулган жаран суудан сүзүп чыкканын, унаанын ичинен 2001-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылганын билдиришкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын агасы кайрылып, чындыгында окуя кандай болгонун билгиси келип жатканын айтты. «Карындашым 2002-жылы туулган. Унаадагы жаран менен айылдашпыз. Бизге анын достору экөөнүн кыз-жигит экенин, жакында баш кошмокторун айтышты. Бирок бизде мындай маалымат жок болчу. Экөө каяктан келе жатышкан билбейбиз. Ал көрсөтмө бергенде карындашымды рулда болгон деп жатат. Унаа менен сууга кирип кеткен соң, кантип тиги жаран унаадан чыгып кетти? Куткаруучулар «сууда унаанын эшигин ачуу өтө кыйын» дешти. Байкем ошол жерге барган. Ал «баланын кийими деле өтө суу эмес экен, жамгырда суу болгондой эле экен» деп жатат. Милиция «эгер кызга рулду берген болсо, анда кылмыш иши рулду башкарууга берип койгону боюнча айып коюлат» деп айтып жатат. Азыр тиги жаран үй камагында», — деди агасы.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги экинчи тарапты угуп, маалымат чыгарууга даяр.